Кытайда аялдын көзүнөн 60 курт алынды

Дарыгерлер Куньмин шаарында аялдын көзүнөн 60 тирүү мите куртту алып салышканын The Sun басылмасы жазды. 

Маалым болгондой, аял көзүн тырмап жатканда көзүнөн курт түшүп кеткен. Ал тез арада клиникага жаткырылып, операция учурунда аялдын көзүнөн 60 курт алынган. Операция жасаган дарыгер көздөгү мите курттар бейтаптын сокур болушуна алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Басылманын маалыматына караганда, коркунучтуу мите курт үй жаныбарлары менен байланышта болгондон кийин пайда болушу мүмкүн. Дарыгерлер кытайлык аялга мындан ары да этият болуп, көзүн ушалап же тамак жегенге чейин дайыма колун жууп турууну сунушташкан.