Кытайда аялы менен ажырашкандан кийин элди тебелеген адам өлүм жазасына тартылды

Кытайдын Чжухай шаарынын соту өткөн жылдын ноябрында элди сүзүп кеткен кишини өлүм жазасына тартты. Окуядан 35 киши каза болуп, 43ү жаракат алган. Бул тууралуу Sinchew жазды. 

«Гуандун провинциясындагы Чжухай орто элдик соту 20-январда Фань Вэйцюга карата өлүм жазасын аткарды», — деп айтылат басылманын маалыматында. 

Белгиленгендей, эркек аялы менен ажырашып кеткенине жана мүлктү бөлүштүрүүгө байланышкан көйгөйлөргө «ачуусун чыгаруу» үчүн адамдарга кол салууну чечкен. Сот өлүм жазасын өткөн жылдын декабрь айында чыгарган.