Кытайда бай аял үйдө зеригип, идиш жуугуч болуп иштейт. Кызы аны Бентли унаасы менен жумушка алып келет. Кытайдын Weibo социалдык тармагында Сычуань ресторанынын кызматкери анын кара Бентли унаасынан фартук жана резина өтүк кийип түшкөн видеосу тарагандан кийин атактуу болду.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ресторандын ээси аялдын бай үй-бүлөдөн экенин жана акча үчүн иштебестигин тастыктаган. Видеонун каарманы өзү айткандай, үйдө зеригип, күндүз идиш жууп иштебесе, өзүн ыңгайсыз сезет. Иш күн бүткөн соң, кызы аны унаа менен алып кетет. Бул пост кызуу талкууну жаратып, көптөр аялга ден соолук каалашты.
Кытайда электромотоцикл менен дубалды сүзгөн эки өспүрүм көз жумду. Маалыматка караганда, алар электромотоцикл окуя болгонго чейин бир күн мурда сатып...
Ушул жылдын 7-мартында Алматы шаарындагы аэропортто белгисиз жаран андан паспорт сураган кызматкер кызды барымтага алган видео тараган. Көп өтпөй кыздын...