Кытайда бай аял зериккенинен идиш жуугуч болуп иштейт (видео)

Кытайда бай аял үйдө зеригип, идиш жуугуч болуп иштейт. Кызы аны Бентли унаасы менен жумушка алып келет. Кытайдын Weibo социалдык тармагында Сычуань ресторанынын кызматкери анын кара Бентли  унаасынан фартук жана резина өтүк кийип түшкөн видеосу тарагандан кийин атактуу болду.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ресторандын ээси аялдын бай үй-бүлөдөн экенин жана акча үчүн иштебестигин тастыктаган. Видеонун каарманы өзү айткандай, үйдө зеригип, күндүз идиш жууп иштебесе, өзүн ыңгайсыз сезет. Иш күн бүткөн соң, кызы аны унаа менен алып кетет. Бул пост кызуу талкууну жаратып, көптөр аялга ден соолук каалашты.