Кытайда балдарга күнүнө 40 мүнөттөн ашык TikTok колдонууга тыюу салды

TikTok’тун жана анын кытай тилиндеги версиясынын ээси ByteDance 14 жашка чейинки колдонуучулар үчүн тейлөө шарттарын өзгөрткөнүн жарыялады.

Чыныгы аты-жөнү менен верификациядан өтпөгөн балдарга бул процедуралардан ата-энелеринин жардамы менен өтүү сунушталат. Текшерүүдөн кийин 14 жашка чейинки колдонуучуларды балага ылайыктуу режимге которот, бул TikTokту күнүнө 40 мүнөт гана колдонууга мүмкүндүк берет. Кошумчалай кетсек, балдар жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 10дон таңкы саат 6га чейин тиркемени колдоно алышпайт.

Колдонмонун балдар үчүн версиясына илимий эксперименттер, музейлердин көргөзмөлөрү, өлкөнүн булуң-бурчунан келген видеолор, тарых жөнүндө маалымат жана башкалар кирет. Компания бул материалдар балдардын бир багытка болгон кызыгуусун ойготот, ошондой эле видеону көрүп бир нерсе үйрөнүүгө жардам берет деп үмүттөнөт.