Кытайда бир күндө 37 миллион адам коронавирус жуктурган болушу ыктымал. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
Декабрь айынын башынан бери медиктер ооруга чалдыккандардын саны кескин өскөнүн каттап жатышат, бир айда өлкө калкынын 18 пайызы илдетти жуктурган. Мындай көрсөткүч саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиянын жабык жыйынында айтылган. Bloomberg 20-декабрда 37 миллион кишиден коронавирус аныкталганын жазды.
Көз карандысыз аналитиктер күн сайын миллионго чукул адамдан оору аныкталып жатканын, беш миңдей киши каза болуп жатканын билдиришүүдө. Бирок Кытайдын бийлиги декабрь айынын башынан бери 3 миң адам гана илдетти жуктурганын ырастаган.
Кытайда үч жыл бою коронавируска карата атайын саясат жүргүзүлүп келген, бирок ушул жылдын аягында күтүүсүздөн чектөөлөрдү жумшарта башташкан. Буга көп миңдеген адамдардын нааразычылык акцияларына чыгуусу да себеп болгон.