АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын айкелин Кытайдын Сямынь шаарынын тургуну жасап, коомчулукка алып чыкты. Бул тууралуу «ABC News» басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Трамптын айкели Будданын элесинде, анда халатчан Трамп мандаш токунуп, сыйынуу абалында отургандай сүрөттөлгөн.
«Бул эмгек тынчтыкты тартуулайт. Анткени айкел менен Трамптын инсандыгы бири-бирине карама-каршы келет. Менин оюмча, эки башка образды дал келтирүү өзгөчө кызыктуу болду», — деп оюн билдирген сүрөтчү.
Ошондой эле айкелди жасаган сүрөтчү мындай эмгектин жаралышына Трамп тууралуу тасма шыктантканын айткан жана ал айкелден саясий кыр издөөнүн кереги жок экенин кошумчалаган.