Кытайда чагылган түшүп, 6 адам каза болду

11-августта Кытайдын Чанчжоу шаарындагы сейил бакта чагылган түшүп, алты адам каза болуп, он киши жаракат алганын Tengri Travel басылмасы билдирди.

The Standard басылмасынын маалыматына караганда, аба ырайы начарлаган учурда сейил бактагы эс алуучулар чатырдын астына жашынышкан. Курулушка чагылган тийип, ал адамдарды басып калган. Кесепетинен алты адам каза болуп, он киши жаракат алган.