Кытайда чектөөлөр алынгандан кийин ооруканалар бейтаптарга жыш толду

Кытайда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынгандан кийин ооруканалар бейтаптарга жыш толду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы америкалык окумуштуу Эрик Лян Фейгл-Динг соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Чектөөлөр алынган соң, Кытайдагы ооруканалар бейтаптарга жыш толду. Эпидемиологдордун баалоосу боюнча, Кытайдын калкынын 60 пайыздан ашууну жана жер жүзүндөгү калктын 10 пайыздан ашууну жакынкы 90 күндүн ичинде ооруну жуктурушу мүмкүн. Ал миллиондогон өлүмдөргө алып келиши ыктымал», — деп жазат ал.