«Формасы НЛОго окшош». Кытайда дүйнөдөгү эң чоң парк ачылды (сүрөт)

Кытайда дүйнөдөгү эң чоң деңиз илимий паркы ачылды. Чжухай Чимелонг деп аталган парктын аянты 400 миң чарчы метрди түзөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Анын формасы белгисиз учуучу объектке (НЛО) окшош жасалган. Курулушу беш жылга созулган. Парк күн сайын 50 миңден ашык конокторду кабыл алат. Океанариумда 100 миңден ашык деңиз жаныбарлары жашайт. Анда дүйнөдөгү эң чоң аквариум терезеси жана эң чоң тирүү маржан жандыгы бар. Түнкүсүн имараттын ичи жарык болуп, чоң космостук кемедей көрүнөт.