Жер жүзүндөгү эң ыңгайсыз дүкөн Кытайда табылганын Tengritravel.kz сайты жазды.
Ал жерден 120 метр бийиктикте жардын боорунда жайгашкан. Кытайдын Хунань провинциясындагы Синьючжай улуттук геологиялык паркында алачык сыяктуу кичинекей жыгач дүкөн жайгашкан жана ал альпинисттерге арналган.
Басылма жазгандай, ал жерден алар «керектүү тамак-аш, алкоголсуз суусундуктарды» сатып алышат. Зиплайн аркылуу дүкөндө запастар толукталат. Көпчүлүк дүкөндүн соодагери күндө ал жакка кантип чыгарына кызыгып жатышат.