Кытайда эт фестивалына алып бараткан 400 чакты ит куткарылды (видео)

Кытайда активисттер 400гө чукул итти эт фестивалга алып бараткан жеринен куткарып калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, зооактивисттер жүздөгөн иттерди жүктөп бараткан унааны байкап калышкан. Дароо «иттер жугуштуу оору менен ооруган болушу мүмкүн» деген шылтоо менен полицияга кайрылышат. Укук коргоо кызматкерлери унааны текшерүүгө алганда айдоочунун тиешелүү документтери болгон эмес. Ал эми жандыктарды эт фестивалына алып баратканы аныкталган. Куткарылган иттерди Пекиндеги Жаныбарларды коргоо ассоциясына өткөрүп беришкен. Аларды мал доктуру текшерген соң жаңы үй-бүлөгө жайгаштыруу иш-чаралары жүргүзүлөт.