Кытайдын Цзянсу провинциясында H10N3 куш тумоосунун штаммын адамдардын жуктурган учуру аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, оору Цзянсу провинциясында жашаган 41 жаштагы эркек кишиден аныкталган. 23-апрелде анын дене табы көтөрүлүп баштаган. 28-апрелде абалы начарлап, аймактагы ооруканага жаткырылган. Кытайдын оорулардын алдын алуу борбору ошол эле күнү бейтаптан алынган анализ менен үлгүлөрү салыштырылып, андан H10N3 вирусун аныктаган. Билдирүүдө толук анализ штамм канаттуулардан келип чыкканын, анын жугуштуу илдет катары адамдар үчүн кооптуу эмес экендиги айтылат. Оору жугузуп алган адам менен тыгыз байланышта болгондор дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынып, алардан эч кандай оорунун белгилери байкалган эмес. Бейтаптын абалы учурда туруктуу деп бааланып, ооруканадан чыкса да болору айтылды.
Адамдардын бири-бирине H10N3 жугуштуу оорусун жуктурган учурлар буга чейин каттала электиги, ал эми канаттуулар арасында бул вирус патогени аз деп эсептелери белгиленди. Эксперттердин пикиринде, вирустун куштан адамга жуккан учуру кокустук болгон, бул көрүнүштүн масштабдуу түрдө жайылуу коркунучу дээрлик жокко эсе.












