Кытайда H3N8 канаттуулар тумоосунун адамдарга жуккан биринчи учуру катталды

Хэнань провинциясында H3N8 канаттуулар тумоосунун адамдарга жуккан биринчи учуру катталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, ооруну Жумадянь шаарчасында жашаган төрт жашар бала жуктурган. Оорунун белгилери башталганга чейин бала үй канаттуулары менен байланышта болгон. Үйдүн жанынан жапайы өрдөктөр да табылган. Балада 5-апрелде биринчи белгилер, анын ичинде дене табы көтөрүлүп, абалы начарлап кеткендиктен 10-апрелде ооруканага жаткырылган. 24-апрелде текшерүүдөн кийин балада H3N8 инфекциясы бар экени аныкталган.

«Бул вирустун адамдарга жуккан биринчи учуру. Оорунун адамдарга жугуусу, кеңири таралуу коркунучу төмөн»,- деп айтылат маалыматта.