Кытайда химиялык заттан 8 адам каза болду

Кытайдын борбордук телеканалы билдиргендей, Кытайдын түштүк-батышындагы Гуйчжоу провинциясында химиялык заттын чыгып кетишинен сегиз адам каза болуп, дагы үчөө жабыркады. 

Бүгүн, 12-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:12де жергиликтүү коомдук коопсуздук кызматына Гуйян шаарынын экономикалык жана техникалык өнүгүү аймагына метилформиатты түшүрүп жатып, адамдар эсин жоготту деген маалымат келип түшкөн. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, химиялык зат Sanqiang Xingxing Chemical химиялык мекемесинде Хубей мамлекеттик номери бар унаадан метилформиат түшүрүлгөндө чыккан. Жабырлануучулардын бардыгы ооруканага жаткырылды, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Адистер окуя болгон жерде экологиялык мониторинг жүргүзүп, абанын сапаты нормага ылайык болуп чыккан. Азырынча окуянын себептери аныктала элек, тергөө иштери жүрүп жатат.