Кытайда жаздыкка кан менен жазылган жазуу аялдын өмүрүн сактап калды

Кытайда тамак-аш жеткирүүчү адам 30 саатка бөлмөдө камалып калган аялды сактап калганын SCMP жазды. 

Сычуань провинциясынын Лэшань шаарында студент-курьер көчөдөн кан менен «110 625» деп жазылган деген ак жаздыкты көрүп калып, полицияга кайрылган. Ал полицияга кайрылуу менен бир адамдын өмүрүн сактап калды. Себеби, жаздыкты бөлмөдө 30 саат бою тамак-ашсыз, суусуз калган аял ыргыткан. 

Полиция кызматкерлерине жаздыктын дизайнын тааныган жакын жердеги мейманкананын жумушчусу жардам берген. Ал 6-имараттын 25-кабатындагы батирге алып барган. Полиция кызматкерлери эшикти сындырып кирип, анын ичинен Чжоу аттуу аялды табышкан. Ал бөлмөнү тазалоо иштерин жүргүзүп жатып, катуу шамал уктоочу бөлмөнүн эшигин катуу жаап салган, телефон конок бөлмөдө калган. Байланышсыз калган аял кыйкырып, терезеден ар нерселерди ыргыткан, бирок эч ким байкаган эмес. Айласы кеткенде колун тиштеп, кан менен жаздыкка жазып ыргыткан.

Кытайдын социалдык тармактарында жигитти баатыр катары баалап жатышат.