Кытайда жер көчкү жүрүп, 47 адам урандынын алдында калды (видео)

Кытайдын түштүк-батышындагы алыскы тоолуу аймактагы жер көчкүнүн кесепетинен 47 адам урандылардын астында калганын France 24 телеканалы жазды.

Синьхуа мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, жер көчкү Юньнань провинциясынын Чжэньсионг округунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:51де болгон.

Мамлекеттик CCTV телеканалы жер көчкүнүн астында 18ге жакын үй калганын жана аймактан 200дөн ашуун адам тез арада эвакуацияланганын билдирди. Бийлик 200дөн ашык куткаруучуну, ондогон өрт өчүрүүчү унааларды жана башка техниканы колдонуп, өзгөчө кырдаалга чара көрө баштады.