Кытайда жетекчилердин бири ойношу менен сейилдегени үчүн кызматтан кол жууду

Кытайда China National Petroleum компаниясынын туундуу ишканаларынын биринин директору Ху Цзиюн Чэнду шаарында ойношу менен сейилдеп жүргөнү тартылып калган видеодон кийин кызматтан алынды. Аталган шаар фотографтардын арасында популярдуу жайлардын бири катары таанымал.

Кол кармашкан түгөйлөрдүн видеосун Douyin сервисинин колдонуучулары жарыялаган. Видео бат эле соцтармакта жайылып, ал эми кыздын көйнөгү Taobao аянтчасында эң көп сатылган товарлардын бирине айланган. Адегенде көйнөктүн кызыгуусу кийин экөөнүн компаниянын кызматкерлери экендигине өткөн. Эркек кишинин жубайы бар болуп чыгып, эми кызматынан кол жууду, кыз дагы иштен айдалган.