Кытайда кайрадан карантин. Азык-түлүк кымбаттап, дүкөндөрдө дүрбөлөң башталды

Кытайдын Сычуань провинциясындагы Чэнду шаарынын тургундары 1-сентябрда 160 адамдан коронавирус аныкталгандан кийин мажбурлап изоляцияга жөнөтүлдү. Аталган шаарда 20 миллион калкы жашайт. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

Азык-түлүк дүкөнүнө үй-бүлөнүн бир мүчөсү гана бара алат, бул үчүн дагы акыркы 24 сааттын ичинде тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Көптөгөн азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. Локдаун жарыяланган соң, дүкөндөрдө дүрбөлөң башталды.

Бийлик окуу жылынын башталышын да жылдырды. Шаарда 1-сентябрдан 4-сентябрга чейин массалык ПЦР-тестирлөө жүрүп жатат.