Кытайда кайык оодарылып, 12 адам каза болду

Кытайдын Хэбэй провинциясынын Циньхуандао шаарында кайык оодарылып, 31 адам сууга кулап, 12 адам каза болгонун Синьхуа агенттиги билдирди.

Окуядан кийин алты адам дайынсыз жоголгону кабарланган. Синьхуа агенттиги алардын баары тирүү табылганын кабарлады. Алдын ала иликтөөлөр кайык экскурсия үчүн колдонулганын, жергиликтүү тургундар тарабынан жасалганын жана куткаруучу шаймандар менен жабдылбаганын аныктаган.

Кайыктын ээси жана аны экскурсияга колдонгондор полиция тарабынан кармалган. Кырсыктын себептерин иликтөө иштери уланууда.