Кытайда ажатканаларга камералар орнотулуп, сүрөттөр соцтармактарга жайылып кетти

Кытайда компания ажатканаларга камераларды орноткон. Анткени, иш учурунда ал жерде отурууну жакшы көргөндөр көп экендиги аныкталган. Сүрөттөрдү компаниянын ички чатына жарыялайбыз дегенине карабай, соцтармактарга жайылып кеткен.

Lixun Electro-Acoustic Technology компаниясынын жетекчилиги кызматкерлер аз иштеп жатканын байкаган. Алардын ар бир кадамын көзөмөлдөөнү чечкен. Бул үчүн кабиналарга камералар орнотулуп, тамеки тарткандар, телефондо отургандар же дааратканада белгиленген убакыттан ашык отургандар кармалган. Ошентип, ажатканаларга таймер жана камера орнотулган.

Ажатканада узак убакыт өткөргөндөрдүн сүрөттөрүн кесиптештерине уят кылуу менен маселени чечүүнү көздөшкөн. Бирок кандайдыр бир жол менен ал сүрөттөр соцтармактарда жарыяланып кеткен. Кызматкерлер компаниянын жетекчилигин купуялуулукту бузду жана жеке жашоого кол салды деп айыпташты.

Негизинен Кытайда ажаткана убакыттын башкаруу боюнча пункт бар. Буга чейин, 2021-жылы бир компания күнүнө бир жолудан көп дааратканага баргандарга айып пул салган.