Кытайда Компартиянын съездинен Ху Цзиньтаону колунан кармап залдан чыгарып кетишти

BEIJING, CHINA - OCTOBER 22: Chinese President Xi Jinping (L) looks on as former President Hu Jintao is helped to leave early from the closing session of the 20th National Congress of the Communist Party of China, at The Great Hall of People on October 22, 2022 in Beijing, China's Communist Party Congress is concluding today with incumbent President Xi Jinping expected to seal a third term in power. (Photo by Kevin Frayer/Getty Images)

Кечээ, 22-октябрда Пекинде Кытайдын Коммунисттик партиясынын XX съезди ишин жыйынтыктап, анда жакынкы беш жылда өлкөнүн башында тура турган жетекчилик шайланды. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Борбордук комитеттин бийликчил органын жаңылоону чечкен көрүнөт. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Компартиянын съездинде коомчулук көңүлүн бурган дагы бир окуя болду. Анда Кытайдын мурдагы лидери Ху Цзиньтаону колунан кармап залдан чыгарып кетишти. Интернет булактарына анын чыгарылып бара жатканы тартылган видео жайылган. Ага караганда, Ху Цзиньтаого залдан чыгып кетүү суранычы күтүүсүз болгон, ошондон улам да чыккысы келбей жатканын көрүүгө болот. Кийинчерээк «Синьхуа» мамлекеттик агенттигинен Ху Цзиньтао өзүн начар сезип жатканына байланыштуу чыгарылганын маалымдашты.

Бүгүн, 23-октябрда Си Цзиньпин Кытайдын Коммунисттик партиясынын башкы катчысы болуп үчүнчү ирет шайланды. Муну менен Кытайдын лидеринин башкаруусу беш жылдык эки мөөнөт менен чектелиши керек деген салт бузулду. Аны Мао Цзэдундун кезиндегидей персоналисттик башкарууга кайтпоо үчүн 30 жыл мурда кытай лидери Дэн Сяопин киргизген болчу.