Кытайда көмүр ишканасынан өрт чыгып, 25 адам каза болду

Кытайдын Шаньси провинциясындагы Люйлян шаарындагы көмүр ишканасынан өрт чыгып, 25 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Маалыматка караганда, өрт 16-ноябрда саат 06:50 чамасында башталган. Өрт Shanxi Luliang Lishi District Yongju Coal Co. компаниясынын 4 кабаттуу имаратында чыккан. Имараттан 63 адам эвакуацияланган.