Кытайда коронавирусту адамдын бетинен аныктоочу бет кап жасашты

Шанхайдагы Тонцзи университетинин окумуштуулары респиратордук вирустарды аныктагыч аппаратты ойлоп табышты, ал беткаптарга тагылат. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Изилдөө материал таануу боюнча Matter белгилүү журналында жарыяланган. Өздөрүнүн жабдыгын сыноо үчүн, окумуштуулар аны атайын бөлмөнүн ичине илип коюп, COVID-19, чочко жана куш тумоосунун вирустук белоктору кошулган суунун тамчыларын абага чачыратышкан. Билдирүүчү атайын аппарат патогендери бар — ооруу жугузуп алган адам жөтөлгөндө чыгарган тамчылардан дагы ондогон эсе майда суунун микролитринин үлүштөрүн дагы аныктай алат. Аз иш калды: окумуштуулар оору тууралуу белги жөнөтүлө турган телефонго жүктөлүүчү тиркемени түзүү калганын белгилешүүдө. Мындай белги берилген беткаптын ээси “жугуштуу компаниядан” убагында кетип кала алат.