Кытайда 2 жыл бою музыка угуп уктаган кыздын кулагы укпай калды

Кытайда 2 жыл бою музыка угуп уктаган кыздын кулагы укпай калган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Маалыматка караганда, Шандун шаарында жашаган Ван айым жергиликтүү компанияда катчы болуп иштейт жана жакында угуусун текшерүү үчүн ооруканага барган. Кыз жумуштагы жетекчиси сүйлөсө, анын сөзүн түшүнүү кыйын экенин байкаган. Экспертиза Вандын сол кулагында калыбына келгис неврологиялык угуу бузулганын көрсөтүп, ага угуу аппараты жазылган.

Ал буга эмне себеп болгон болушу мүмкүн деген суроого, күндө кечинде кулакчын менен музыка угуп жатарын айткан. «Колледжде окуп жүргөндө музыка менен уктаганды жакшы көрчүмүн. Музыка угуп баштап, кулакчын менен уктап калчумун. Бул адатка айланып, эки жылга жакын созулду», — деген ал. 

Оорукананын отоларингология бөлүмүнүн директору Ли Тао кытайлык The Paper гезитине Ван айымдын угуусунун начарлашы кулакчын менен музыканы узак убакыт бою угуунун кесепетинен келип чыкканын ырастаган.

Мунун алдын алуу үчүн дарыгерлер үч «60» принциби боюнча кеңеш беришет:

60 децибелден жогору музыканы көпкө укпаңыз;

кулакчын менен же ансыз катуу музыканы 60 мүнөттөн ашык укпаңыз;

музыканын үнү 60 пайыздан ашпашы керек.