Кытайда кулап калган мейманканада каза болгондордун саны 17ге жетти

Кытайда ураган мейманкананын кесепетинен каза болгондордун саны 17ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирүүдө.

12-июлга караган түнү Цянсу провинциясынын Суку шаарында кулаган мейманканада издөө-куткаруу иштери бүгүн аяктады. Жыйынтыгында урандыда калган 23 адам чыгарылды. Алардын 17си каза болуп, 6 адам тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.

Мейманкананын урап калуусунун себептери учурда иликтенүүдө.