Кечээ, 21-мартта Кытайда кулап түшкөн учактын жүргүнчүлөрү менен экипаж мүчөлөрүнүн аман калганы да, каза болгону да куткаруучулар тарабынан табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Кытайдын Борбордук телевидениесинен маалымдашты.
Куткаруучулар кырсык катталган жерден кулап түшкөн учактын айрым бөлүктөрүн табышкан. Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө кырсык катталган жердин тоодо экендиги да кыйындатууда. Адегенде учакта 133 адам бар болгону маалымдалган, кийин 123 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү, баары 132 киши болгону такталды. Учак кулап түшкөн жерде токой өрттөнүп кеткен.
Кытайдын «China Eastern» авиакомпаниясынын Boeing 737 жүргүнчү учагы өлкөнүн түштүк тоолоруна кулап түшкөнү маалымдалган. Анын ичинде Кыргыз жарандары жоктугун Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.