Кытайда таш менен куурулган тамак жасай башташты (видео)

Интернетте маал-маалы менен жаңы кулинардык мода пайда болуп, бир нече сааттын ичинде популярдуулукка ээ болот. Эми кытайлык көчө сатуучулар кулинардык ачылыш менен интернетти «басып» алышты. Soudui («соруу жана ыргытуу» дегенди билдирет) деп аталган тамак TikTok тармагында популярдуу болуп жатат. 

Бул тамак жегенге болбой турган шагыл таштардан, жашылчалардан жана татымалдардан жасалып, куурулат. Таштарга чили майы, сарымсак жана розмарин кошулат. Бул тамактын даамын татуу үчүн таштарды соруп жешет. Андан кийин таштар ыргытылат. Бир порциянын баасы 2 долларды түзөт.

Азыр бул тамак абдан популярдуу болгонуна карабастан, ал Хубэй провинциясында келип чыккандыктан, ал көп кылымдар бою эле бар болчу деп эсептелет.