Кытайда күйөөсү аялына үй жумуштарын кылган үчүн 7700 доллар төлөп берет

Кытайда күйөөсү аялына үй жумуштарын кылган үчүн 50 миң юань (болжол менен 7700 доллар) төлөп берет. Мындай чечимди сот чыгарган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, өлкөдө жакында жарандык кодекс күчүнө кирген, ага ылайык, эгерде ал балдардын негизги камкорчусу болсо, улгайган ата-энесине кам көрсө же үй жумуштарынын көпчүлүгүн кылса, жубайлар ажырашуу учурунда өнөктөшүнөн компенсация талап кыла алат. Белгиленгендей, өнөктөштөр сумма боюнча бир пикирге келиши керек, эгер макул боло алышпаса, анда сот өз алдынча чечим чыгарат.

Пекин соту Чен аттуу адам мурунку аялы Вонго ири суммадагы акча төлөп бериши керек деген чечим чыгарды. Себеби аял уулун өзү карагандыгын жана күйөөсү үй жумуштарына аралашпагандыгын айткан. Түгөйлөр 2015-жылы баш кошушкан, бирок 3 жылдан кийин эки башка жолго түшүшкөн. Чен ажырашууга арыз жазганда аялы көп убакыт макул болбой койгон. Кийинчерээк оюнан кайтып, мүлктү бөлүштүрүүнү жана акчалай компенсация талап кылган. Ал 50 миң юандан сырткары баласын өз камкордугуна алып, ай сайын 2 миң юандан (болжол менен 310 доллар) да алып турмак болду.