Кытайда күйөөсүн көңүлдөшү менен «кармап алган» аял көчөдө «концерт коюп», күйөөсүнүн абийирин ачкан (видео)

Кытайлык аял күйөөсүн көңүлдөшү менен унаасынан «кармап» алып, көчөдө элди чогултуп чуу салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кытайдын Хэбэй провинциясындагы Ланфан шаарынын 41 жаштагы тургуну Ли аттуу айым күйөөсү «соо эмес» экенин көптөн бери байкап жүргөн. Артынан аңдып жүрүп машинасынан көңүлдөшү экөө отурганын көрүп көчөдө чуу салган. Унаанын терезесин кыш менен чаап, кыйкырып-өкүргөнүн видеодон көрүүгө болот. «Мен бул кишинин расмий жубайы болуп эсептелем. Унаада отурган аял анын көңүлдөшү болот. Мен силерди кармап алдым, бети жок, аны мейманканага алып барам дедиң беле?!» деген ачууланган аял.

Полиция кызматкерлери чууга аралашкан үчөөнү тең алып кеткен. Шаарга окуясы менен «жылдыз» болгон Ли кийинчерээк социалдык баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында, күйөөсүнүн анын көзүнө чөп салып жүргөнүн сезип жүргөн. «Эгер ал мени алдабай түшүндүрүп айтса көчөдө мынчалык тополоң кылмак эмесмин», — деген ал. Ошондой эле күйөөсү жарым жылдан бери иштебей, акча жагынан кыйналып жашап жатышканын кошумчалаган. «Көзүмө чөп салса да 10 жыл чогуу түтүн булаткан соң ажырашып кете албайм, ажырашсам эч нерсеси жок калам» — деп арманы менен бөлүшкөн Ли.