Кытайда локдаун. Миллиондогон адамдарды ачарчылык күтөт. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, омикрондун жаңы учурлары Кытайдын бир нече аймагын бир убакта каптаган. Шанхайда 20 миңден ашуун жаңы учурлар катталган. Бул пандемия башталгандан бери шаар үчүн дээрлик жаңы рекорд. 2 жумадан бери тургундарга үйдөн чыгууга тыюу салынган. Көпчүлүк жарандар мамлекет берген азык-түлүк менен күн кечирип жатышат.
«Соцтармакта тамак-аштын жетишсиздигин айтып чыгып, видеолор тарап жатат. Ошондой эле, алар балконго чыгып алышып, бош табактарын калдыратып жатышат. Коомчулуктун кыжырдануусуна ооруну ооздуктоо боюнча радикалдуу чаралар, анын ичинде балдарды карантинге алуу жана ата-энелеринен бөлүү себеп болууда. Кийинчерээк Шанхай бийлиги ата-энелерге балдарын убактылуу изоляция борборлоруна узатууга уруксат беришкен, бирок балдарды ата-энелеринен ажыраткандыгы тууралуу маалыматтар интернетте дагы эле пайда болууда», — деп айтылат маалыматта.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...