Кытайда мектептин шыбы кулады. 10 адам урандылардын астында каза болгон

Кытайдын түндүк-чыгышындагы Хэйлунцзян провинциясынын Цицикар шаарында мектептин спорт залынын шыбы кулады.

CCTV билдиргендей, 10 адам каза болуп, бирөө урандылардын астында.

Имаратта 19 адам болгон, алардын төртөө өз алдынча эвакуацияланган, 15и урандылардын астында калган. Куткаруучулар каза болгон 10 адамдын сөөгүн чыгарып, төрт адам аман калган. Куткаруу иштери уланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, спорт залга жанаша жайгашкан окуу комплексин курууда куруучулар чатырга перлит төшөө эрежесин бузган. Жаан-чачын учурунда перлит сууга чыланып, чатырдагы жүктүн көбөйүшүнө жана кыйроого алып келген. Окуу комплексинин курулушуна жооптуу адамдар кармалды.