Кытайда мультфильм көргөн 4 жашар бала 26-кабаттан кол чатыр менен секирген

Кытайда 4 жашар бала «Том менен Жерри» мультфильмин көргөндөн кийин аны туурайм деп, 26-кабаттан кол чатыр менен секирген.

Окуя күндүз Хунань провинциясынын Цзишоу шаарында болгон. Баланын апасы башка шаарда иштейт, ал эми атасы жумуш менен чет өлкөгө көп каттайт. Ошол күнү небересин караган чоң энеси аны үйдө жалгыз калтырып, эжесине кеткен. Маалымат каражаттарынын айтымында, ошол учурда бала «Том жана Жерри» мультфильмин көрүп жаткан жана анда көрсөтүлгөндөй, кол чатыр кармап жерге түшмөкчү болгон.

Бактыга жараша бала бакка урунгандыктан жерге катуу тийбей аман калган. Бирок көптөгөн жаракат алган. Учурда абалы туруктуу.