Кытайда мышык ээсин жумушсуз жана сый акысыз калтырды

Кытайда мышык ээси жазып койгон жумуштан кетүү боюнча арызды жөнөтүп салган. Эми ал жумушсуз жана сый акысыз калды. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.

Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Чунцинден келген 25 жаштагы кыз январь айынын башында жумуштан кетүү боюнча кат жазган, бирок акыркы чечимди кабыл ала элек болгондуктан жумуш берүүчүсүнө билдирүү жөнөткөн эмес. Ага чечим чыгарууга 9 мышыгынын бирөөсү «жардам» берген. Көзөмөл камера мышыктарынын бири анын иш столуна секирип, кокусунан ноутбуктун баскычын басып, жетекчисине электрондук катты жөнөткөн учурду тартып алган.

Кыз ошол замат жетекчилиги менен байланышып, кокустук болгонун түшүндүрүүгө аракет кылган, ага карабай жумушунан ажырап калган.