Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 12 адам көз жумду (видео)

Акыркы сутка ичинде Кытайдын Чжэнчжоу шаарына 250дөн 329 ммге чейин, ал эми аймакта 50дөн 90 ммге чейин жаан-чачын жаады.

CGTN каналы бийликке шилтеме берүү менен Кытайдын Хэнань провинциясынын эң чоң шаары Чжэнчжоу шаарында 20-июль, шейшемби күнү нөшөрлөп жааган жамгыр метрону каптап, кесепетинен 12 жүргүнчү каза болуп, дагы бешөө жаракат алышканын жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, жаан-чачын суусу метронун бир тилкесинин үстүндөгү унаа токтоочу жайга топтолуп, андан кийин туннелге өтүп, жолду жаап калган. Метро линиясы электр кубатынан ажыратылгандан кийин, метронун администрациясы эвакуация ишин баштаган. Туннелден 500гө жакын адамды алып чыгууга мүмкүн болгон.  «12 жүргүнчүгө жардам берүү мүмкүн болгон жок, алар каза болушту. Беш адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.