Кытайдын биринчи учуучу унаасы Kunpeng No.1 сынактан өттү. Ал Түштүк-Чыгыш университетинин изилдөө тобу тарабынан иштелип чыккан. 2-январда бет ачары болуп өткөн бул унаа 4 дөңгөлөктүү. Бул тууралуу кытайлык басылма Global times жазды.
Долбоордун жетекчиси Ин Гоудон келечекте транспорттун жаңы түрлөрүн ойлоп табууну жана экономикага салым кошууну көздөп жатканын белгиледи.
«Бул Кытайдын биринчи учуучу унаасы, дрон технологиясына таянбайт. Жерде айдоо менен абада учуунун ортосунда кыймыл жөндөмүн айкалыштыра алат. Интеграцияланган унаа болуп саналат», — деди Ин.
Максималдуу учуу салмагы 500 килограмм болгон унаа учуу чыдамкайлыгы кеминде 20 мүнөткө жетет жана максималдуу учуу бийиктиги 300 метрден ашат. Университеттин маалыматы боюнча, жердеги ылдамдыгы саатына 60 чакырымга жетиши мүмкүн.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...