Кытайда өтө жугуштуу мутанттык вирус аныкталды

Кытайда жугуштуу вирус-мутант аныкталды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Күнүнө 7000 адам ооруканага жаткырылып, дүйнө жүзү боюнча жайылуу коркунучу жогору. Вирустун белгилерине дене таптын көтөрүлүшү, чыйрыгуу жана жөтөлбөстөн өпкөсүндө түйүндөрдүн пайда болушу кирет.

Алгач жаңы вирустун белгилери балдарда гана байкалса, акыркы беш күндө алар чоңдордо байкала баштады. Мындан улам Кытайдагы бардык медициналык мекемелерге жумуш убактысын көбөйтүүгө буйрук берилди. Пекин менен Ляониндеги ооруканалар толуп, жергиликтүү мектептер сабактарды белгисиз мөөнөткө токтотушту.