Кытайда оюн учурунда Месси баскан газон сатылат

Июнь айында Аргентина менен Австралиянын беттешин өткөргөн Пекиндеги Жумушчу стадионунун башкаруучу компаниясы тарабынан адаттан тыш лотерея уюштурулган.

Уюштуруучулар футбол тарыхындагы мыкты бомбардир Лионель Месси баскан жерлердеги газонду бөлүктөргө бөлүшкөн. 

Уюштуруучулар 4000 катышуучунун ичинен 100 адамды кокустук жолу менен тандайт. Алар биринчилерден болуп 70 долларга чөп сатып алышат. Калган газон сатыкка коюлуп, сатып алынгандан кийин 45 күндүн ичинде пломбаланган айнек кутуга салынып жеткирилет.