Кытайда пара алган аткаминер өлүм жазасына кесилди

Кытайда сот электрондук коммерция борборунун коммунисттик партиясынын мурдагы жетекчиси Чжоу Цзяньюнго паракорчулук үчүн өлүм жазасын берди. Паранын жалпы суммасы болжол менен 25 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды. 

Тергөө аткаминердин коррупциялык схемаларга катышканын далилдей алган. Саясатчынын өлүм жазасы эки жылдык сыноодон өткөндөн кийин өмүр бою эркинен ажыратууга алмашылары да жокко чыгарылган эмес. Мындан тышкары, ал саясий укуктардан ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.