Кытайда пенсионер 20 жыл бою граната менен мык кагып, жаңгак чагып жүргөн

Кытайда пенсионер 20 жыл бою граната менен мык кагып, жаңгак чагып жүргөн. Ал аны балка деп ойлогонун Oddity Central жазды.

90 жашка келип калган аял талаада иштеп жүрүп, жыгач саптуу балкага окшош темирди таап алган. Аял аны колго жасалган балка деп ойлоп, үйүнө алып барган. 20 жыл бою колдонгону үчүн гранатанын айрым жерлери ийилип калган. Аялдын үйүн сүрдүрүп жаткан жумушчулар ал буюмду байкап калышып, полиция чакырган. Өз учурунда алар гранатаны алып чыгып, полигонго алып барып жардырышкан.