Кытайда шишкебек ресторанында газ жарылып, 31 адам каза болду

Кечээ, 21-июнда Кытайдын Иньчуань шаарында шишкебек ресторанында газ жарылып, 31 адам каза болду. Бул тууралуу кытай басылмалары жазышты.

Каза болгондордон тышкары 7 киши ооруканага жеткирилген, анын ичинен бирөөнүн абалы өтө оор.

Кытайда учурда үч күнгө созулган ажыдаар кайыктар фестивалы өтүп жатат. Бул аралыкта кытайлардын көбү кафе-ресторандарга барып, достору менен жолугуп отурушат.