Кытайда торнадо болуп, 5 адам каза болду (видео)

27-апрелде Кытайдын Гуанчжоу шаарында катуу торнадо болуп, 5 адам каза болуп, 33 киши жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги билдирди.

Бийлик 141 өнөр жай имараты жабыркаганын билдирди. Бирок бир дагы үй ураган эмес. Торнадо жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө башталган. Торнадо болгон жерден болжол менен 2,8 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Лянтян кыштагындагы метеостанция шамалдын ылдамдыгы секундасына 20,6 метрге жеткенин көрсөткөн.