Кытайда туристтик «панда-поезд» ишке кирди. Видео

Кытайда биринчи туристтик «панда поезди» өлкөнүн түштүк-батыш тарабында ишке киргизилди. Бул тууралуу «People’s Daily» жазып чыкты.

Поезд эң популярдуу туристтик багыт болгон Сычуань, Гуйчжоу жана Чунцин провинцияларынын арасында каттайт.

Поезд — дөңгөлөктүү мейманканага окшош. Анын ичинде жуунучу бөлмө, эс алуучу жайы, ресторан, балдар үчүн бир нече ойноочу аянчалар бар.