Кытайда уурдалган уулун издеген ата 24 жылдан кийин тапты

Кытайда уулун издөө үчүн мотоцикл менен 500 миң чакырымды басып өткөн ата 24 жылдан кийин уулу менен кайрадан жолугушту. Уурдоого шектелген эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маалымат боюнча, уурулар 1997-жылы Кытайда жашаган Го Гангтангдын уулун Шандун провинциясындагы үйүнөн уурдап кетишкен. Уулун издеген ата 24 жыл ичинде кеминде 20 аймаккка барган. Адам контрабандисттери Хэнань провинциясында уурдалган 2 жаштагы баланы сатып жатканда, полиция дайынсыз жоголгон өспүрүмдү 24 жылдан кийин ошол эле аймактан тапкан.