Кытайда ууруга кирген жаран уктап калып, үй ээсин коңуругу менен ойготкон

Кытайда ууруга кирген жаран уктап калып, үй ээлерин коңуругу менен ойготкон. Бул тууралуу басылмалар жазып чыгышты.

Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясында ууру үйдүн терезесин талкалап кирген. Түн кирип калганына карабай, үйдүн ээлери уктай элек болгон. Уурулукка кирген жаран алардын укташын күтүп, өзүнчө бөлмөдө тамеки чегип отуруп, бирок үй ээлери эмес, өзү уктап калган. 

Үйдүн ээси баласы менен уктап жатып, катуу коңуруктан ойгонуп кеткен. Адегенде ал буга маани берген эмес, коңшусунун үйүнөн угулуп жатса керек деп ойлогон. Аял баласынын бөтөлкөсүн жууганы барып, бөлмөлөрдү карап коюуну чечкен. Ал белгисиз жарандын жерде уктап жатканын көрүп, полиция чакырган. Шектүү камакка алынды.