Кытайда колукту үлпөт тоюнда кичине кыздын өмүрүн сактап калды (видео)

Кытайда колукту кызды сактап калуу үчүн үлпөт тоюн үзгүлтүккө учуратты. Окуянын видеосун Newsflare жарыялады.

Интернетке тараган видео 3-октябрда Шаньси провинциясынын Луилян шаарында тартылган. Салтанаттын жүрүшүндө күйөө баланын иниси коноктордун биринин кичинекей кызынын дене табы көтөрүлүп, талмасы кармаганын билдирген.

Медайым болуп педиатрия бөлүмүндө иштеген колукту жардам берүүнү чечкен. Ал нымдуу сүлгү менен кыздын дене табын түшүрүп, андан соң келген дарыгерлерге өткөрүп берген. Баланы ооруканага жаткырылган.

Мындан кийин ал медициналык билими бар адамдар эмнеси болсо да адам өмүрүн сактап калышы керектигин айтты. «Менин үйлөнүү тоюм күтө алат. Баланын өмүрү, ден соолугу биринчи орунда», — деди келин.