Кытай аткаминерлерине iPhone колдонууга тыюу салды

Кытайдын мамлекеттик мекемелери iPhone үлгүсүндөгү жана башка чет элдик өндүрүштөгү уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салууну киргизди. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Портал белгилегендей, мындан ары аткаминерлерге бул аппараттарды жумушта колдонууга, жада калса кеңседе көтөрүүгө тыюу салынган. Бул киберкоопсуздук камсыздоо максатында Пекиндин чет өлкөлүк технологияга көз карандылыгын азайтуу боюнча узак жылдар бою жүргүзүп жаткан саясатка байланыштуу.