Кытайдагы азык-түлүк дүкөнүндөгү жарылуудан 11 адам каза болду

Бүгүн, 13-июнда Кытайдын Хубэй провинциясына караштуу Шиян шаарындагы азык-түлүк базарында жарылуу болуп, ал жерде 11 адам көз жумуп, 144 адам жаракат алган. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты.

Окуя таңкы саат 6:30 чамасы болгон. Учурда жаракат алган 144 адамдын ичинен 37си оор абалда. Таң эрте болгон жарылуудан базардын имараты толук талкаланып, тегерек-четтеги үйлөрдүн айнектери сынып кеткен. Маалыматтарга караганда, кырсыкка газ чыгып, өрт тутанганы себеп болгон. Шаарда кан куюу боюнча кошумча бекеттер иштей баштады.