«Унаалар жолдон чыгып». Кытайдагы бороон-чапкындан 5 киши каза болду (видео)

Кечээ, 20-сентябрда Кытайдын Цзянсу шаарында бороон-чапкындан улам 5 киши каза болуп, 4 киши оор жаракат алган. Бул тууралуу кытай басылмалары жазды.

Маалым болгондой, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 5512 адам жабыркап, 1646 үйгө зыян келтирилген. Унаалар жолдон чыгып, электр зымдары кыйраган. 41,8 гектар айыл чарба жери да жабыркаган.