Кытайдагы Диснейлендден миңдеген жарандарга чыгууга тыюу салынды

31-октябрда Шанхайдагы Disneyland сейил багындагы миңдеген жарандарга COVID-19 эпидемиясынан улам оюн-зоок комплексинен чыгууга тыюу салынган.

Парктагы бардык адамдарга ПЦР-тестинен өтмөйүнчө сейил бакта калууга буйрук берилген. Бул дем алыш күндөрү Шанхайда коронавирустун 30 учуру катталгандан кийин болду.

Кытайдын WeChat социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Шанхай өкмөтү Диснейлендге кирүүгө тыюу салынганын жана анын ичиндегилер тесттин терс жыйынтыгын алгандан кийин гана кете алышары тууралуу билдирүү тараткан. Ошондой эле, 27-октябрдан бери паркка келген ар бир адам үч күн катары менен ПЦР тестинин үч терс жыйынтыгын тапшырышы керек.